АР КАНДАЙ ӨЗДҮК МААНИЛЕРИ БОЛГОН УЧУРДА СИНГУЛЯРДУУ КОЗГОЛГОН КОШИ МАСЕЛЕСИН КУБДУК СПЛАЙН ЫКМАСЫ МЕНЕН ЧЕЧҮҮНҮН КОМПЬЮТЕРДИК АЛГОРИТМИ (MATLAB ПРОГРАММАСЫНЫН МИСАЛЫНДА)
Abstract
Бул иште ар кандай өздүк маанилерге ээ болгон учурда сингулярдуу козголгон Коши маселесин кубдук сплайн ыкмасынын негизинде сандык чечүүнүн компьютердик алгоритми каралат. Изилдөөнүн предмети болуп ε параметри кичине мааниге ээ болгон сингулярдуу козголгон дифференциалдык теңдемелер эсептелет. Изилдөөнүн максаты – кубдук сплайн-коллокация ыкмасын колдонуу менен туруктуу жана так сандык чечүүнүн компьютердик алгоритмин иштеп чыгуу жана аны MATLAB программалык чөйрөсүндө ишке ашыруу болуп саналат. Изилдөөнүн жүрүшүндө Коши маселеси каралып, түйүндөрдө жана аралык чекиттерде коллокация шарттарына негизделген кубдук сплайн компьютердик алгоритми колдонулуп, MATLAB программасында натыйжалуу ишке ашырылды. Алынган сандык чечимдер салыштырылып, максималдуу каталарды баалоо аркылуу ыкманын тактыгы бааланды. MATLAB программасынын компьютердик алгоритминин негизинде матрицалык операцияларды жүргүзүү, интерполяциялык функцияларды, графиктерди тургузууга жана сандык маалыматтарды таблица түрүндө берүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, кеңири колдонулду. Алынган натыйжалар ар кандай өздүк маанилерге ээ болгон учурда сингулярдуу козголгон Коши маселесин кубдук сплайн ыкмасынын негизинде сандык чечүүнүн компьютердик алгоритми эффективдүү экендигин көрсөттү.
Fields of Study & Subjects
Differential Equations and Numerical Methods
Numerical methods for differential equations
Differential Equations and Boundary Problems
Publication details
- Journal / source
- Zenodo (CERN European Organization for Nuclear Research)
- Publication date
- 15 January 2026