НАТЮРМОРТ ЖАНРЫНЫН ТАРЫХЫЙ ӨНҮГҮҮСҮ ЖАНА ЗАМАНБАП ИСКУССТВОДО АКТУАЛДУУЛУГУ

Read full text
Authors: АБДИМОМУНОВА ГУЛБАРА ӨСӨРБАЕВНА, РАИМЖАНОВА ДИАНА СУЮНБЕКОВНА, ЖЫЛЧИЕВ САТАР САРЫБАЕВИЧ, МАМАДАЛИЕВ МИРЛАНБЕК АСКАРАЛИЕВИЧ, ТОКТОБЕКОВ САМАРБЕК КАРИМОВИЧ
Cited by: 0

Abstract

Бул макалада натюрморт жанрынын тарыхый өнүгүүсү, ар кыл доорлордо жана искусство мектептеринде ал алган ролу каралат. Байыркы Египеттен баштап Рим жана Орто кылымдардагы Европага чейин натюрморттук мотивдердин пайда болушу, символикалык мааниси жана композициялык өзгөчөлүктөрү баяндалат. 17–19-кылымдардагы голланд, фламанд, француз, немис жана орус мектептериндеги натюрморттун стилистикалык айырмачылыктары, ошондой эле романтизм, реализм жана импрессионизмдеги өзгөчөлүктөрү талданат. 20–21-кылымдагы авангард, социалисттик реализм, поп-арт, гиперреализм жана сюрреализмдеги натюрморттун жаңычылыктары көрсөтүлөт. Макалада натюрморттун заманбап искусстводогу актуалдуулугу, фотографиялык, мультимедиялык, инсталляциялык формалары жана философиялык-маанилүү символикалык функциялары каралат. Ошондой эле сүрөтчүлөрдүн стилистикалык эксперименттери, натюрморттун көркөм таасири жана эстетикалык мааниси талданат. Натюрморттун трансформациясы көрүүчүнүн турмуштук жана эстетикалык кабылдоосун байытып, предметтерге жаңыча карап баалоого шарт түзөт.

Fields of Study & Subjects

Visual Culture and Art Theory Historical Art and Architecture Studies Art Aesthetics and Perception

Publication details

Journal / source
Zenodo (CERN European Organization for Nuclear Research)
Publication date
31 January 2026
Language
KY