КЫРГЫЗДЫРДЫН АТА-ТЕГИНДЕГИ ОРНАМЕНТАЛДЫК КӨРКӨМ-ӨНӨР МОТИВДЕРИНИН СТИЛИ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР.
Abstract
Бул макалада кыргыздардын ата-тегиндеги оймо-чиймелерде кеңири колдонулган орнаменталдык жана көркөм-өнөр мотивдеринин келип чыгышы, стилистикалык өзгөчөлүктөрү жана семантикалык мааниси изилденет. Изилдөөнүн негизги багыты геометриялык жана зооморфтук мотивдердин байыркы космогеникалык, мифологиялык жана тотемисттик түшүнүктөр менен болгон байланышын ачып берүү болуп саналат. Айрыкча айлана, төрт бурчтуу, ромб, үч бурчтуу, спираль, ийрек жана толкун сымал мотивдердин символикалык мазмуну каралат. Ошондой эле мүйүз сымал, S-түрүндөгү жана крест сымал фигуралардын кыргыз көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү эволюциясы талданат. Изилдөө таштык маданиятынын материалдарына, енисей кыргыздарынын колдонмо искусствосуна жана орто кылымдагы археологиялык табылгаларга таянып жүргүзүлгөн. Макалада байыркы кыргыздардын дүйнө таанымында жаратылыш кубулуштары, жаныбарлар дүйнөсү жана космостук моделдер өзгөчө мааниге ээ болгону көрсөтүлөт. Жыйынтыкта, кыргыз орнаменталдык мотивдери этномаданий стилдин негизги өзөгү катары азыркы көркөм кол өнөрчүлүктө да терең семантикалык маанини сактап келатканы белгиленет.
Fields of Study & Subjects
Cultural and Sociopolitical Studies
Cultural and Mythological Studies
Turkic and Altaic Linguistics
Publication details
- Journal / source
- Zenodo (CERN European Organization for Nuclear Research)
- Publication date
- 28 February 2026
- Language
- KY