ОШ ШААРЫНЫН АРХИТЕКТУРАЛЫК МУРАСТАРЫ САКТОО ЖАНА КОРГОО МАСЕЛЕЛЕРИ

Read full text
Authors: РАИМЖАНОВА ДИАНА СУЮНБЕКОВНА, АБДИМОМУНОВА ГУЛБАРА ӨСӨРБАЕВНА, АСАНОВА НУРИЛА САГЫНБЕКОВНА, МАМАДАЛИЕВ МИРЛАНБЕК АСКАРАЛИЕВИЧ, ТОКТОБЕКОВ САМАРБЕК КАРИМОВИЧ
Cited by: 0

Abstract

Бул макалада Кыргыз Республикасынын түштүк борбору болгон Ош шаарындагы архитектуралык мурастарды сактоо жана коргоо маселелери каралат. Ош шаары тарыхый-архитектуралык эстеликтерге бай болгондуктан, алар улуттук маданий мурастын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Макалада архитектуралык эстеликтердин учурдагы абалы, аларды сактоого тоскоол болгон негизги факторлор жана коргоо механизмдеринин жетишсиз жактары талданат. Ошондой эле шаардык өнүгүү процесси, жаңы курулуштардын көбөйүшү жана мыйзамдык-укуктук базанын толук ишке ашпай жатышы архитектуралык мурастарга терс таасирин тийгизип жатканы белгиленет. Изилдөөнүн жүрүшүндө илимий адабияттарды талдоо, салыштырма жана байкоо ыкмалары колдонулду. Макаланын жыйынтыгында архитектуралык мурастарды сактоо үчүн мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомчулуктун биргелешкен иш-аракеттерин күчөтүү зарылдыгы көрсөтүлөт. Бул изилдөө Ош шаарындагы архитектуралык мурастарды сактоого багытталган илимий жана практикалык сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

Fields of Study & Subjects

Cultural Heritage Management and Preservation Urban Development and Cultural Heritage Architectural and Urban Studies

Publication details

Journal / source
Zenodo (CERN European Organization for Nuclear Research)
Publication date
28 February 2026
Language
KY